Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде (КТМУ) Түрк мамлекеттеринин уюму Түрк университеттер биримдигинин жыйыны өттү.

2021-жылдын 30-ноябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде Түрк мамлекеттеринин уюму Түрк университеттер биримдигине мүчө Кыргызстандын ЖОЖдорунун ректорлорунун жыйыны болуп өттү. КТМУнун ректору проф. докт. Алпаслан ЖЕЙЛАН, биринчи проректор  проф., докт. Асылбек КУЛМЫРЗАЕВ, проректорлор проф. докт. Анвар Мокеев жана проф.докт. Мустафа ОРЧАН, БГУнун ректору проф., докт. Абдылда МУСАЕВ, Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин ректору проф., докт. Чаткалбай РАЙЫМБАЕВ, Кыргыз улуттук университетинин эл аралык байланыштар департаментинин директору Бактыбек КЕЛДИБЕКОВ, Эл аралык Кыргызстан университетинин негиздөөчүсү Асылбек Айдаралиев жана проректор Баатырбек АКЫЛБЕКОВ катышты.
Жолугушууда Түрк Кеңешинин Түрк университеттер биримдигинин Кыргызстан мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгү жана алардын Орхун алмашуу программасына активдүү катышуусу талкууланды.
Түрк университеттер биримдигинин уюшулгандан бери аткарган иш-чараларына токтолгон ректор проф.докт. Алпаслан ЖЕЙЛАН Орхун процессинин алкагында уланып жаткан алмашуу программасы тууралуу маалымат берди.