ТюркПАнын ишмердүүлүгү тууралуу семинар

Үстүбүздөгү жылдын 16-февралында Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын Башкы катчысы Жандос Асанов жана Башкы катчынын орун басары Алтынбек Мамаюсупов КТМУнун студенттери менен жолугушуп, ТюркПАнын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат беришти. Жолугушуунун башында университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы ТюркПАнын өкүлдөрү менен жолугушуп олтурганына кубанычта экенин билдирип, 1991-жылга чейин Совет мезгили учурунда Борбор Азиядагы түрк калктары бири-бири тууралуу кабардар болбогонуна, ал эми учурда түрк элдери бири-бирин таанып, өз тарыхы, маданиятын билүүгө мүмкүнчүлүктөр ачылып жатканына көңүл бурду. Андан соң ТюркПАнын Башкы катчысы Ж.Асанов жана Башкы катчынын орун басары А.Мамаюсупов ТюркПАнын ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берип, келечекте Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен биргеликте орток иштерди өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн болгонун билдиришти. Семинардын соңунда студенттер кызыктырган суроолорун берип, чогуу эстеликке сүрөткө түшүштү.