ӨЗБЕКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТҮРК КЕҢЕШИНЕ МҮЧӨЛҮГҮ БОЮНЧА ТҮРК КЕҢЕШИНИН БАШКЫ КАТЧЫСЫНЫН БИЛДИРҮҮСҮ

2009-жылы Нахчиван келишиминин негизинде курулган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешине (Түрк Кеңешине) Өзбекстан Республикасынын мүчө болуп кирүүсү 2019-жылдын 14-сентябрында ратификациядан өткөндүгүн Түрк тилдүү мамлекеттердин башкы катчысы катары сыймыктануу менен билдирип кетмекчимин.

Бул жагдай менен Өзбекстан Республикасы  Түрк Кеңешинин толук кандуу мүчөсү болуп калат. Бул тарыхый чечим Нахчиван келишиминин 10 жылдыгына жана 2019-жылдын 15-октябрында Бакуда боло турган Түрк Кеңешинин 7-Саммитине туш келиши өтө чоң маанилүү окуя жана бул Саммитке катыша турган  Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев  үчүн да чоң сыймык.

 

Боордош Өзбекстандын бул тарыхый чечим менен Түрк тилдүү мамлекеттердин үй бүлөөсүнө кошулушун өтө кубануу менен кабыл алдым жана бул маанилүү окуя  түрк тилдүү өлкөлөрдүн жана элдердин ортосундагы кызматташтыкка мындан ары да олуттуу  кошот деп чын жүрөктөн ишенем.

Өзбекстан ар дайым түрк дүйнөсүнүн эң маанилүү борборлорундан бири болуп саналып, Улуу Жибек Жолунун боюнда жайгашкан Самарканд, Бухара жана Хива сыяктуу байыркы шаарлары менен Түрк-ислам тарыхындагы экономикалык жана маданий бешиктердин бири. Ошондой эле бай тарыхый-маданий мурасы менен дүйнөлүк цивилизацияга чоң салым кошкон. Бүгүн Өзбекстан географиялык түзүлүшү менен  боордош өлкөлөрүбүз үчүн гана эмес жалпы регион үчүн да өнүгүүнүн жаңы мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Учурдан пайдаланып Өзбекстан Республикасынын президенти улуу урматтуу Шавкат Мирзиёевге бул тарыхый жагдайда чыныгы лидердик көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирип кетмекчимин. Кылымдар бою жашап келген бекем туугандык тамыры менен Өзбекстан жана башка түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы мамилелер, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешин орток туусунун астында мындан ары өнүгүп жаркын келечекке ээ болот деп чын жүрөктөн ишенем.

 

Багдад Амреев

Түрк Кеңешинин Башкы катчысы